"Граждандардын мүлкүн соттун чечими жок тартып алуу болбойт". Башкы прокуратуранын түшүндүрмөсү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы интернетте пайда болгон жалган маалыматтарды комментарийлеп өттү. Мурда жарандардын мүлкүн соттун өкүмүн чыгарбай тартып алуу боюнча кээ бир кодекстерди өзгөртүү пландары тууралуу маалымдалган. "Кээ бир интернет-ресурстар жана социалдык тармактар "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Жазык процессуалдык кодекске жана Граждандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун бузула жазылган түшүндүрмөлөрүн таратышты.