
Тергөө көрсөткөндөй, 12,29 гектар аянтты түзгөн, жайыт категориясына кирген участок мыйзамсыз бөлүнгөн. 27 жаранга 600 квадрат метрден участоктор берилген, ал эми жер участогу зарыл болгон трансформациядан өтпөгөн.
Бул аракеттер мамлекетке 13 миллион 770 миң сом өлчөмүндө зыян келтирди.

Кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 337-беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча козголду.
Тергөө учурунда төмөнкү шектүүлөр кармалды:
- экс-Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы;
- жер адиси;
- Түштүк регион боюнча Мамлекеттик курулуш департаментинин кызматкери.
Учурда шектүүлөргө камакка алуу чарасы тандалды.