
1982-жылдан бери Камерундун президенти болуп келген Поль Бийя кайрадан шайлоодо жеңишке жетип, 53,66% добуш алды, бул өлкөнүн Конституциялык соту тарабынан жарыяланган жыйынтыктарда билдирилди.
Шайлоо 12-октябрда өткөрүлдү, жана мыйзамдарга ылайык, Конституциялык сот жыйынтыктарды чыгаруу үчүн 15 күн убакыт алды. Шайлоо комиссиясы добуш берүү тынч өткөнүн белгиледи.
92 жаштагы Бийя үчүн бул президенттик кызматта сегизинчи мөөнөтү болот.
Эрекче белгилеп өтүүчү жагдай, шайлоо алдындагы кампания учурунда ал болгону бир митинг өткөрүп, көпчүлүк убактысын Европа континентинде жеке сапарда өткөрдү.