
Ахмад аш-Шараанын Вашингтондогу биринчи визити алдында АКШ Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине жаңы сириялык бийликтерге карата санкцияларды жоюу боюнча резолюция долбоорун киргизди. Сирия президенти Ахмад аш-Шараанын АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуусу 10-ноябрда, дүйшөмбү күнү пландалган.
Ахмад аш-Шараа 2024-жылдын декабрь айынын башында Башар Асаддын режиминин кулашы менен Сириянын убактылуу президенти болуп калды, ошол учурда куралдуу оппозициялык күчтөр Дамаскка киришкен.