
Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2025-жылдын 1-декабрынан баштап Россияда чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн биометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча эксперимент башталат. Бул процесс мамлекеттик чек араны кесип өтүүчү өткөрмө пункттарында, тиешелүү техникалык мүмкүнчүлүктөр бар жерде жүргүзүлөт, деп маалымдайт РИА Новости.
Документте эксперимент 2025-жылдын 1-декабрында 00:00дөн 2026-жылдын 30-июнунда 23:59га чейин уланары көрсөтүлгөн. Максаты - белгиленген өткөрмө пункттарында чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдардын чек араны кесип өтүү учурунда биометрикалык маалыматтарын жыйноо.
2024-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 30-июнuna чейин чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар «Шереметьево», «Домодедово», «Внуково» эл аралык аэропортторунда, ошондой эле Москва облусундагы «Жуковский» аэропортунда жана Оренбург облусундагы Маштаково автомобиль өткөрмө пунктунда Россиянын чекрасын кесип өтүү учурунда биометрикалык каттоодон өтүүгө милдеттүү.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 30-июнунан баштап, визасыз саякат кылган чет элдиктер Россияга пландалган кирүү күнүнө 72 сааттан кечиктирбестен электрондук арыз толтурууга милдеттүү болушат.