
АКШ президенти наркотик картелдерин колдоону токтотууга чакырды
«Абсолюттук чечим» операциясынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн пресс-конференцияда Дональд Трамп Куба, Колумбия жана Мексика лидерлерине кайрылды. Ал алардын өкмөттөрүнүн наркотик картелдерин колдоону токтотуусу жана наркотрафик менен кылмыштуулукка каршы активдүү күрөшүү зарылдыгын белгиледи.
Эскертүү керек, өткөн күнү америкалык аскерлер Венесуэладагы аскердик жана жарандык инфраструктура объектилерине бир катар аба соккуларын жасашты. Мындан тышкары, Delta Force атайын бөлүгү Венесуэла президенти Николас Мадуро жана анын аялын кармап, аларды АКШда «наркотерроризм жана наркотик соодасы» боюнча соттук териштирүүгө алып чыгышты. Бул операция кылдат пландалган жана бир нече ай бою сыр бойдон сакталган.
Эл аралык коомчулук АКШнын аракеттерин айыптады.
Бразилия президенти Лула да Силва «венесуэлалык лидерди күч менен кармоо дүйнө үчүн дагы бир өтө кооптуу прецедент түзөт» деп белгиледи.
Сүрөт www