
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп 58 өлкөнүн башчыларын Газа маселелерине көңүл буруучу жаңы «Тынчтык кеңешине» кирүүгө чакырды. Бул тууралуу Axios порталында интервью берген америкалык расмий адам билдирди.
Маалымат булагына ылайык, Трамп Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөгөндө, «Тынчтык кеңешинин» ишин Бириккен Улуттар Уюмунун иши менен салыштырат деп болжолдонууда. «Менимче, ал бул кеңештин БУУга альтернатива экендигин билдириши мүмкүн. Бирок, ар дайым эле, Дональд Трамп эмне айтарын алдын ала болжолдоо кыйын», - деп кошумчалады расмий адам.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мурда Владимир Путин да «Тынчтык кеңешине» катышууга чакыруу алганын жана учурда бул мүмкүнчүлүк каралып жатканын тастыктады.