Австриянын борбору Венада 2014-жылдын 3-ноябрында жээкке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча Экинчи Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу конференциясы ишин баштады. Кыргыз Республикасынан конференцияда КРнын транспорт министрлиги башчысы К. Султанов катышууда.
Экинчи Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн конференциясынын күн тартибинде 2014-жылдын 5-ноябрына чейин уланчу иш-чаралардын ичинде Конференциянын Төрагасын жана башка кызмат адамдарын шайлоо, полномочияларды текшерүү комитетинин мүчөлөрүн дайындоо жана отчет, өкмөттөр аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын билдирүүлөрү, Конференциянын жыйынтык документтерин бекитүү жана башка маселелер каралат.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы өз резолюциялары менен 2014-жылы жээкке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча Экинчи конференцияны Венада 3-5-ноябрда өткөрүүнү чечкен. Башкы Ассамблеянын резолюциясына ылайык, Конференциянын мандаты Алматы программасынын ишке ашырылышын кеңири баалоо, жээкке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өзгөчө муктаждыктарын канааттандыруу, жээкке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен транзит өлкөлөрүнүн ортосундагы транзиттик жүк ташуу боюнча кызматташуу үчүн жаңы глобалдык ченемдерди түзүү; эл аралык соода жана транзиттик жүк ташуу боюнча кызматташуу боюнча эффективдүү эл аралык, регионалдык, субрегионалдык жана улуттук стратегияларды аныктоо; транзиттик жүк ташуу системаларынын учурдагы абалы, жаңы жана пайда болуп жаткан тапшырмалар, жаңы жана калыптанып жаткан өнөктөштүк байланыштар, ошондой эле бул тапшырмаларды чечүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жолдорду өнүктүрүү; жээкке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө байланыштуу өзгөчө муктаждыктарын канааттандырууга жана аларга тийиштүү маселелерди чечүүгө глобалдык милдеттенме бекитүү; жээкке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыгына колдоо көрсөтүү жана чараларды кабыл алуу үчүн эл аралык коомчулукту мобилизациялоо; жана келерки он жылдык үчүн өнүгүү боюнча өнөктөштүк үчүн жаңыланган ченемдик программаны түзүү.
Конференцияга Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү жана адистештирилген мекемелердин мүчөлөрү, Европалык Союздун өкүлдөрү; өкмөттөр аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Башкы Ассамблея тарабынан байкоочу катары катышууга туруктуу чакырууну алган башка субъекттер катышат.
Конференция 2014-жылдын 3-ноябрында 10:00 да Бириккен Улуттар Уюмунун Венадагы бөлүмүндө ачылды. Конференцияда талкууланууга төмөнкү документтер сунушталат: 2014-2024-жылдарга жээкке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн аракеттер программасынын долбоору (Өкмөттөр аралык даярдоо комитети тарабынан иштелип чыккан); Башкы катчынын Алматы программасынын ишке ашырылышы боюнча он жылдык отчету «Жээкке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өзгөчө муктаждыктарын канааттандыруу, жээкке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен транзит өлкөлөрүнүн ортосундагы транзиттик жүк ташуу боюнча кызматташуу үчүн жаңы глобалдык ченемдер»; жээкке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча Экинчи Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу конференциясынын Өкмөттөр аралык даярдоо комитетинин отчету; Африка үчүн даярдоо регионалдык жыйындын отчету; Латин Америкасы үчүн даярдоо регионалдык жыйындын отчету; Европа жана Азия үчүн даярдоо регионалдык жыйындын отчету; Өкмөттөр аралык даярдоо комитетинин биринчи сессиясынын отчету жана саясий декларациянын долбоору.
Экинчи Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу жээкке чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча конференциясынын отчету киришүү жана үч бөлүктөн турганы күтүлүүдө.