Туристтер үчүн электрондук пропусктар пайда болот

Туристтер үчүн электрондук пропусктар пайда болот

Туристтер үчүн жаңы документ пайда болот


ММКларда туристтерге келечекте паспорт жана виза менен кошо талап кылынуучу жаңы документ тууралуу маалымат чыкты. Бул — дүйнө жүзү боюнча 14 күндүк карантинсиз жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген эл аралык ден соолук күбөлүгү.

Мындай электрондук пропусктар — CommonPass — Лондон шаарындагы Хитроу аэропортунда берилүүдө. Алардын биринчи колдонуучулары — United Airlines жана Cathay Pacific авиакомпанияларынын рейсине катышкан волонтер жүргүнчүлөр, алар Нью-Йорк, Гонконг жана Сингапур аэропортторунда күбөлүктөрдү тестирлеп көрүшөт.

Мүмкүн, CommonPass узак мөөнөттүү чара болуп, аба ташууларды COVID-19га чейин болгон режимине кайтарууга мүмкүндүк берет. Цифрдык күбөлүккө учуу алдында COVID-19 тестинин жыйынтыгы жана вакцинация тууралуу маалымат жүктөлөт. Авиакомпания кызматкерлери жана чек арачылар бул маалыматка атайын тиркеме аркылуу QR-кодду сканерлеп кире алышат.

Улуу Британия өкмөтүнөн кийин мындай схеманы сынап көрүүгө дагы 20 өлкөнүн бийликтери даяр. Эгер тестирлөө ийгиликтүү өтсө, CommonPass глобалдык деңгээлде 2021-жылдын башында киргизилиши мүмкүн.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent