
Биринчи жолугушууда украин делегациясынын жетекчиси Рустем Умеров орус агрессиясын токтотуу шарттары жана адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган сүйлөшүү процессинин кийинки стратегиясы тууралуу талкууланганын белгиледи.
Ак үйдүн жогорку даражадагы булагынан алынган маалыматка ылайык, жолугушуу ийгиликтүү өттү. Умеров ошондой эле, жекшемби күнү украин командасына Башкы штабдын начальниги генерал Андрей Гнатов жана Коргоо министрлигинин Башкы разведка башкармалыгынын орун басары генерал-лейтенант Вадим Скибицкий кошула турганын билдирди.
Америкалык тараптан сүйлөшүүлөргө атайын өкүлдөр катышууда: АКШ президентинин күйөө баласы Джаред Кушнер, Трамптын атайын элчиси Стив Уиткофф, армия министри Дэн Дрисколл, тынчтык маселелери боюнча улук кеңешчи Джош Грюнбаум жана Европа боюнча НАТО командири Алексус Гринкевич.
Сүйлөшүүлөр эки күнгө пландалган.