
Акыркы сейсмологдордун маалыматына ылайык, бул сейсмикалык окуянын эпицентри Тынч океанда, Камчатка крайынан алыс эмес жайгашкан. Күчтүү жер титирөөлөр сейсмикалык приборлор аркылуу катталды.
Расмий такталган магнитуда 5,8–6,0 арасында болуп, титирөөлөрдүн тереңдиги болжол менен 40 км, Петропавловск-Камчатскийден 235 км алыстыкта болгонун геофизикалык кызматтын өкүлдөрү билдиришти.
Ошол эле учурда цунами коркунучу тууралуу расмий эскертүүлөр берилген жок.