Генсек ТЮРКПА МПА СНГнын генсеки менен жолугушуу өткөрдү
Жолугушуу Бахрейндин борбору Манама шаарында өткөн Азия парламенттик ассамблеясынын 16-чы пленардык сессиясынын алкагында өттү. Эки тарап талкуу учурунда ТЮРКПАнын институттук ишмердүүлүгү жана 2008-жылдан бери ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ошондой эле региондогу жана глобалдык деңгээлдеги учурдагы саясий процесс жөнүндө сүйлөштү. Парламенттик дипломатиянын заманбап чакырыктарга жооп берүү жана актуалдуу конфликттерди чечүүдагы маанисине өзгөчө көңүл бурулду.