
Мамлекеттеги санитардык-эпидемиологиялык абал жана чет өлкөлүк жарандардын ден соолугун контролдоо маселелери боюнча талкуу учурунда Яровая күчүндө турган нормаларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Бирок ал жаңы тизмеге кандай оорулар кошулары тууралуу так маалымат берген жок.
Мурда Госдумага мыйзам долбоорлорунун үчөө сунушталган, алар мыйзамсыз миграция менен күрөшүүгө жана Россиянын калкынын ден соолугун коргоого багытталган. Негизги өзгөрүүлөрдүн бири - медициналык текшерүүдөн баш тарткан мигранттар үчүн айып пулдардын 12 эсе көбөйтүлүшү, ошондой эле соттун чечими менен чыгарылып кетүү мүмкүнчүлүгү. Жаңы өзгөртүүлөр медициналык текшерүүлөрдө ортомчулук кылууга тыюу салып, алардын өткөрүлүшүнө жоопкерчиликти күчөтөт.
2023-жылдын ноябрь айында Россияда эмгек мигранттары үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу эрежелери да катуулашты. Эми мигранттар акысыз медициналык жардам алуу үчүн өлкөдө кеминде беш жыл иштеши керек, мурдагы үч жылдын ордуна.
2021-жылы президент Владимир Путин тарабынан кол коюлган мыйзам эмгек мигранттарын дактилоскопиядан жана медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирет. Бул чаралар ошол эле жылы күчүнө кирип, мигранттардын статусун легалдаштырууга, аларга Россияда мыйзамдуу жашап, иштөөгө мүмкүндүк берет.
Медициналык текшерүү инфекциялык ооруларды, мисалы, туберкулез, сифилис жана жыныс аркылуу жугуучу инфекцияларды, ошондой эле ВИЧ жана наркотикалык көз карандычылыкка текшерүүнү камтыйт. Алынган медициналык маалымдамалар берилишинин учурунан баштап үч ай бою күчүндө болот.