
Телеканалдын маалыматына ылайык, кармалган адам «Лувр командосунун» мүчөсү болушу мүмкүн жана ал кылмышка түздөн-түз катышкан.
Шектүүнү суракка алган соң, анын эки болжолдуу шериги айыпталды жана камакка алынды.
La Chaîne Info маалыматтарына ылайык, 29-октябрда Луврду уурдоо боюнча тергөө иштеринин алкагында төрт адам кармалган, ал эми RTL беш жаңы кармоо тууралуу билдирүүдө.
Париж прокурору Лор Бекко тергөө музейдин кызматкери тарабынан мүмкүн болгон жардам версиясын карап жатканын тастыктады.
Мурда баалуу буюмдарды уурдоо боюнча эки шектүүнүн кармалганы тууралуу маалымдалган.
Эскерте кетсек, уурдоо 19-октябрда эртең менен болгон.
Натыйжада, 19-кылымга таандык тогуз зер буюм уурдалган, алардын арасында императрица Евгениянын коронасы бар, ал кылмышкерлердин качып кетүүсүндө жабыркаган (кейинчерээк корона табылган). Уурдалган буюмдардын тизмесинде Наполеон тарабынан өзүнүн аялы императрица Мария-Луизге берилген изумруд жана бриллианттардан турган мончок, ошондой эле императрица Евгенияга таандык, дээрлик 2000 бриллиант менен кооздолгон диадема жана акыркы Франция королевасы Мария Амалияга таандык, 8 сапфир жана 631 бриллиант менен кооздолгон мончок бар.