
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, милицияга арызды С.Ч. берген. Ал жаман ниеттүүлөр чоң суммадагы акчаны үчүнчү жактардын электрондук капчыктарына өткөрүп беришкенин айтып берген.
Бишкек ШИИБинин сүрөтү
«Кылмыш иши козголду. Тергөө учурунда шектүү катары 2000-жылы туулган А.Э. аныкталды. Ал СИЗОго киргизилди. Тергөө иштери уланууда», — деп айтылат расмий билдирүүдө.