
Окуу жайлары эвакуацияланды, текшерүүлөр жүргүзүлүүдө
Коомдук коопсуздук органдары Бишкектеги бир нече мектепте текшерүүлөрдү жүргүзүүдө, деп билдирди ГУВД.
«102» кызматына бүгүн, 11:08 чамасында, Telegram мессенджерине шаардагы бир нече билим берүү мекемелеринде, анын ичинде № 24, № 44, № 15, № 10 мектептеринде жана Kings International School жеке мектебинде мүмкүн болгон террордук акт тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Аталган фактылар боюнча райондук ички иштер башкармалыктарында материалдар катталып, тергөө алдындагы текшерүүлөр башталды.
Окуя болгон жерге дароо тергөө-оперативдик топтор жөнөтүлдү. Окуу жайларынын администрациясы жана окуучулар эвакуацияланды, ал эми тегеректеги аймактар коргоп алынды. Окуя болгон жерде кинологдор иштеп жатат.
Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.
Сүрөт www