Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын он айында шаар электр энергиясын колдонуу лимитин 112 миллион киловатт-саатка ашырып кеткен. Ошондуктан, кышкы мезгилде электр энергиясынын туруктуу берилишин камсыз кылуу жана жүктөмдүн ашып кетишинен качуу үчүн төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
- Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда электр энергиясы саат 18:00дөн кийин толугу менен өчүрүлөт, анын ичинде жарык жана кондиционерлер.
- Медициналык жана укук коргоо мекемелеринде өчүрүүлөр пландаштырылган эмес, бирок үнөмдөө режимин сактоо сунушталат. Ашыкча колдонууга көзөмөл күчөтүлөт.
- Билим берүү мекемелеринде электр энергиясы саат 19:00гө чейин жеткиликтүү болот, айрыкча эки сменада сабак өткөрүлгөн мектептерде.
- Ири мекемелерде жана ишканаларда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн дежурлардын санын бирден экиге чейин көбөйтүү сунушталууда жана альтернативдүү коргоо ыкмаларын карап чыгуу сунушталат.