
Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, окуя 2025-жылдын 15-декабрында, таңкы саат 8:00 чамасында 427-километр менен 451-километрдин ортосундагы жол бөлүгүндө болгон. Таштар катуу жааган жамгырдан улам жолго түшүп, бир автоунаанын алдына зыян келтирген.
Минтранс фото
Окуя болгон жерге дароо «Кыргызавтожол-Юг» мамлекеттик ишканасынын ДЭП № 38 кызматкерлери жана атайын техника келип, жолду толугу менен тазалашты.
Мындан тышкары, жабыркаган автоунаанын камсыздандыруусу бар экендиги такталды жана зыян тиешелүү камсыздандыруу компаниясы тарабынан төлөнөт.