
Эскерте кетсек, 2023-жылдын июнь айында Аламудун райондук соту Мурсал Умырзаковду заказдык киши өлтүрүүгө айыптуу деп тапкан, бул тууралуу өкүмдөн билүүгө болот. Ага «Уюмдаштырылган топ түзүү же ага катышуу», «Адамды уурдоо», «Кайтаруу» жана «Киши өлтүрүү» сыяктуу бир нече беренелер боюнча айыптар коюлган. Натыйжада, ал 14 жыл эркинен ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо менен жазага тартылган, азыркы учурда ал катуу режимдеги мекемеде жаза өтөөдө.