
2026-жылдын 30-январында Ысык-Ата районунун ИИБине 1994-жылы туулган жаран Д.Т. кайрылган. Ал 2026-жылдын 19-январында белгисиз адамдын сатып алуучу болуп өзүн тааныштырганын жана Lalafo онлайн платформасы аркылуу кат алышууну баштаганын жазуу түрүндө билдирген.
Алдамчы Д.Т.нын ишенимин пайдаланып, анын 15 баш койун алдап алып, малды алдын ала төлөбөстөн алган. Натыйжада, ал 435 миң сомдук материалдык зыян келтирген.
Бул окуянын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнү — 1995-жылы туулган жаран Ш.Ш.ны аныктап, кармашкан. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин нормаларына ылайык, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган.
Тергөө жоголгон малдын сатылганын жана ал алынган акчаны алдамчы жеке муктаждыктарына коротконун аныктаган.