
АКШнын бийликтери териштирүүлөрдү улантууда
Индианада төрт адамдын өмүрүн алган трагедиялык ДТП менен байланышкан кырдаал өнүгүүнү улантууда.
Мурда маалымдалгандай, бул кырсык кыргызстандык айдоочу катышкан, коомчулукта кеңири резонанс жараткан.
АКШнын Федералдык автотранспорт коопсуздугу башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө айдоочунун жумуш берүүчүсү AJ Partners компаниясынын иши убактылуу токтотулду. Ошондой эле, ага байланыштуу дагы эки компания — Tutash Express жана Sam Express текшерүүгө жабылды.
Мындан тышкары, Avdana жүк ташуучу мектеби тарабынан айдоочуга берилген сертификат жокко чыгарылды.
Америкалык бийликтин өкүлдөрү бардык мүмкүн болгон мыйзам бузуу фактыларын кылдаттык менен изилдээрин белгилешти.
Сүрөт www