Алдамчылар белгилүү адамдардан, анын ичинде президенттен, жалган кайрылууларды түзүү үчүн заманбап технологияларды колдонушат. Мындай видеолор көп учурда жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлөт.
ИИМдин маалыматы боюнча, мындай фейктердин негизги максаты — жарандарды адаштыруу, алардын ишенимин утуп алуу жана акча которууга же жеке маалыматтарды берүүгө мажбурлоо.
Ошондуктан, Ички иштер министрлиги сунуштайт:
- текшерилбеген жана шектүү булактардан келген видеолорго этият болуу;
- маалыматты мамлекеттик органдардын расмий каналдары аркылуу гана текшерүү;
- шектүү шилтемелерге өтүүдөн качуу;
- интернеттеги видеоматериалдарга негизделип акча жөнөтпөө жана жеке маалыматтарды ачпоо.