

Генерал-майор Урматбек Шамыркановдун көрсөтмөсү боюнча издөө иштерин өзгөчө режимде жүргүзүү пландалган. Бүгүн каза болгон Д.А.нын сөөгүн кардын астынан чыгарып алууга мүмкүн болду.
МЧС билдиргендей, операцияга 70 адам катышкан.
Маалымат үчүн, 12-февралда Суусамыр районундагы Кызыл-Ой айылына жакын Бороонду жайлоосунда кар көчкү эркекти 50 кой жана 1 ат менен кошо каптап кеткен. Ошол учурдан бери куткаруучулар издөө иштерин токтоткон жок.