Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя 12-февралда саат 12:00 чамасында Кызыл-Ой айылына жакын жайгашкан Бороондуу жайытында болгон. Кар массаларынын астында 1967-жылы туулган чабан Д. А., ошондой эле 50 кой жана 1 ат калган. Окуя тууралуу маалымат жергиликтүү айыл башчысынын райондук МЧС бөлүмүнө билдирүүсү аркылуу белгилүү болгон.

МЧСтин пресс-кызматынын сүрөтү.
13-февралдын таңында издөө иштерине 24 куткаруучу катышууда.
Кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик: regnum.ru.