
Шектүү кармалды
Бишкекте телефондук алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп билдирет борбордун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.
2025-жылдын 12-декабрында Свердлов райондук ИИБне 76 жаштагы М. О. аттуу аял кайрылган. Ал белгисиз адамдар өздөрүн күч структураларынын кызматкерлери катары тааныштырганын, алдамчылык жолу менен 850 000 сом акчасын алып, андан кийин байланышка чыкпай калганын айтып берген.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2004-жылы туулган А. Ж. аттуу жаран кармалды. Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин 96–97-беренелерине ылайык, ал Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
сүрөт www