57 жаштагы жаран милицияга кайрылып, абактын начальнигине чара көрүүнү өтүндү.
Алдын ала тергөө маалыматтарына ылайык, 2025-жылдын декабрь айында ал алдамчылык үчүн соттолгон соттолгон адамды шарттуу түрдө бошотууга жардам бергендиги үчүн $30 миң берген.
Иш 342-беренеси боюнча козголгон, ал пара алуу менен байланыштуу.
Шектүү болуп 1984-жылы туулган Т.М. аттуу мурдагы №27 түзөтүү мекемесинин начальниги чыкты. Учурда ал Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайында жатат.
Тергөө уланууда.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кармалган адам башка кылмыштарга да тиешеси болушу мүмкүн. Ошондуктан укук коргоо органдары шектүүнүн аракеттери тууралуу маалымат бере ала турган же андан жабыркаган бардык адамдарды 0709 843 307 же 102 номерлери боюнча кайрылууга чакырууда.
- №27 түзөтүү мекемеси Аламедин районунун Молдовановка айылында жайгашкан.