
Алдамчылыкка шектелген аял кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды
22-февралда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө К.М. аттуу аял кайрылып, С.А. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүндү. Бул тууралуу маалыматты райондук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Жалобочунун айтымында, С.А. алтын буюмдарды сатуу шылтоосу менен алдамчылык жолу менен 5 миллион 154 миң сомдук алтын буюмдарды ээлеп алган, андан кийин изин жашырып кеткен.
Окуя боюнча Кыргызстан Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси "Алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголду.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1987-жылы туулган шектүү кармалды.
Ал Тергөө комитетине жеткирилди жана Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.