
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, ал алдамчылык жолу менен 40 миң долларга ээ болгон. Бул тууралуу борбордун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга К.Ч. аттуу жаран кайрылып, 2025-жылдын 5-мартында тааныш эмес адам бизнес партнеру болуп таанышып, андан ири суммадагы акчаны алдап алганын жана андан кийин байланышка чыкпай калганын айтты.
Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында 34 жаштагы У.М. аттуу жаран кармалды, ал учурда убактылуу кармоо жайында жатат.
Мындан тышкары, укук коргоо органдары бул адамдын окшош кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн экенин аныкташты.
Бишкек ШИИБи бул адамдын аракеттеринин жертвасы болгон же анын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматка ээ болгон бардык жарандарды 0 (500) 633-927, 0 (773) 097-185 же 102 номерлери боюнча байланышууга же жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырат.
Милиция жарандарды көңүл бурууга жана бизнес же инвестициялар менен байланышкан шылтоолор менен тааныш эмес адамдарга ири суммадагы акчаларды бербөөгө катуу сунуштайт.