Айрыкча, "Аптека Кейджи" ЖЧКсына таандык дарыканадан, Саламаттыкты сактоо министрлигинде катталбаган, өлкөгө мыйзамсыз киргизилген дары-дармектер табылды. Алардын жалпы баасы 269 миң сомдон ашты.


Ведомство ошондой эле, аталган дарыкана дары-дармектерди сактоо жана сатуу үчүн зарыл болгон уруксатсыз иштеп жатканын, ошондой эле башка салык мыйзам бузуу фактылары катталганын белгиледи. Мисалы, сатуу электрондук эсеп-фактуралар аркылуу эсепке алынбай жүргүзүлгөн, айрым кызматкерлер боюнча салык отчету берилген эмес, ал эми касса аппараты бузулган абалда колдонулгандыгы маалымдалды", - деп билдирди ГНС.
Ооруканада тиешелүү актылар түзүлдү, жана жыйналган маалыматтардын негизинде зарыл чаралар көрүлөт.