
Узгенде, мектепке чейинки билим берүү мекемесинде, райондук прокуратура жалган жумушка орноштуруу менен байланышкан мыйзам бузууларды аныктады.
Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, бала бакчанын кызматкерлери К.Б. аттуу жарандын паспорттук маалыматтарын алдап колдонуп, аны формалдуу түрдө жумушка орноштуруп коюшкан. Мунун үстүнө, бардык социалдык төлөмдөр анын атына жүргүзүлүп, эмгек акы бала бакчанын кызматкерлерине берилген.
Мындай аракеттердин натыйжасында, К.Б. аттуу жаран өзүнүн төрт жашы жете элек балдарына белгиленген мамлекеттик "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун жоготту.
Учурда бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 210-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.