Кармоо учурундагы обыскта кармалган адамдын кабинетинен 68 миң сом жана 17 билим берүү мекемесинин (мектептер жана бала бакчалар) төлөмдөрү тууралуу белгилер менен тизмеси табылган.
КРнын Кылмыш кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш ишинин алкагында, 12-мартта Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. У. С. кармалып, сот тарабынан тергөө учурунда убактылуу кармоо жайында камакка алуу чечими кабыл алынган.

КР ГКНБнын маалымат кызматынын сүрөтү.
Тергөө уланууда.