
Нарын шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери мектептердин жана бала бакчалардын директорлорунан акча талап кылуу фактын аныкташты.
УКМКнын маалыматына ылайык, Нарын шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланып, билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен 4-5 миң сом акча талап кылышкан. Бул каражаттар, финансылык мыйзам бузууларды жашыруу максатында, Счеттук палатасынын инспекторуна берилет деп айтылган.
Кармоо учурунда кызматтык кабинеттен 68 миң сом акча жана берилген суммаларды көрсөтүп турган 17 билим берүү мекемесинин тизмеси табылган.
12-мартта Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Нарын шаардык билим берүү башкармалыгынын начальниги Т.У.С. кармалып, соттун чечими менен тергөө аяктаганга чейин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
УКМК бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.