
Алдын ала маалыматтар боюнча, жалпы зыяндын суммасы 160 миң сомду түзгөн.
Жаман ниеттүү адам бала менен жолугушууга келип, учурдан пайдаланып, мурдагы жубайына таандык акча жана алтынды уурдап кеткен. Аял полицияга кайрылган, андан кийин шектүү укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан тез арада кармалган.
Баткен облусунун ИИБнин маалымат кызматынын сүрөтү
Иш «Уурдоо» беренеси боюнча катталган, учурда зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген, тергөө уланууда.