Бишкекте үйсүздөрдү аныктоо боюнча рейддер өтүүдө

Арестова Татьяна Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
23-марттан 26-мартка чейин Бишкекте «Селсаяк» аттуу операция өтүп жатат, бул тууралуу Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы 24-мартта билдирди.

Бул рейддердин негизги максаты туруктуу жашаган жери жок жарандарды жана кайыр сурап жүргөн адамдарды аныктоо.

Операциянын бир күнүндө милицияга 16 адам жеткирилди. Алардын сүрөттөрү тартылып, бармак издери алынып, катталды. Ошондой эле, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: