
13-февралдан 25-февралга чейин республикада милициянын оперативдик жана тергөө бөлүмдөрү активдүү иш алып барууда. Иш-чаранын негизги максаты уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана токтотуу, соттон жана тергөөдөн качып жүргөндөрдү кармоо, ошондой эле мыйзамсыз сакталган куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана наркотиктерди алып коюу.
Операциянын биринчи эки күнүндө аймактык бөлүмдөргө 30дан ашык адам жеткирилди, алардын уюшкан кылмыштуу топторго катыштыгы текшерилип жатат. Алардын жетеоосу административдик чараларга тартылды, бешөө болсо соттун чечимине ылайык Бишкек ШИИБдин атайын кабыл алуу жайына жайгаштырылды.


Рейддердин жүрүшүндө пневматикалык куралдар жана анын муляждары алынган.
Милиция иш-чаралардын комплексдүү мүнөзүнө көңүл бурат, ал борбордогу криминалдык кырдаалды стабилдештирүүгө жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Борбордун Ички иштер башкармалыгы тургундарды мыйзамдарды сактоого жана мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу дароо маалымдоого чакырат.