Свердлов райондук башкармалыгына Түркиядагы алтын зергердик буюмдарды сатып алуу үчүн 4 129 300 сом суммасын киргизүү тууралуу арыз келип түшкөн. Бирок келишим боюнча милдеттенмелер аткарылган эмес.
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү боюнча "Өтө ири өлчөмдөгү алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголду.
Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери шектүү, 1970-жылы туулган Д. С. аттуу аялды кармашты. Учурда ал убактылуу кармоо жайында жатат.
