
Коомдук коопсуздук органдарынын маалыматына ылайык, жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, 2025-жылдын июнь айында алтын буюмдарды Түркиядан алып келген сатканы болуп, 4 миллион 129 миң 300 сом акчасын алдап алган аялдын изин жашырып кеткенин билдирген.
Бул окуя боюнча «Өтө чоң өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
ГУВДнын сүрөтү
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери 1970-жылы туулган аялды кармоого жетишти. Ал убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Текшерүү иштери уланууда, укук коргоо органдары кармалган аялдын башка окшош кылмыштар менен байланышын текшерүүдө.
Милиция жарандарды ири суммадагы келишимдерди түзүүдө этият болууга жана аз тааныш адамдарга ишенбөөгө чакырат.