
Жаракат алгандардын арасында 2 жаштагы бала бар.
Иссык-Куль облусунда оор жол кырсыгы болду, бул тууралуу ГУОБДД маалымдады.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуя 27-мартта саат 15:00 чамасында Балыкчы – Ананьево – Каракол жолунда болгон. «Mercedes-Benz E420» унаасын айдаган айдоочу батыштан чыгышка карай баратканда, сол тараптан чыккан «Volkswagen Passat» менен кагылышуудан качууга аракет кылып, каршы тилкеге чыгып, «Renault Samsung SM6» менен кагышкан.
Бул кырсыктын натыйжасында «Mercedes-Benz E420» жана «Renault Samsung SM6» унааларында болгон эки айдоочу окуя болгон жерде каза болушту.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктан алты адам каза болуп, үчөө ооруканага жаткырылган, эки адам амбулатордук дарыланууга алынган. Жаракат алгандардын арасында учурда Бишкектеги Улуттук энелик жана балалык борборунда жаткан 2 жаштагы бала бар.
Сүрөт www