Бишкекте мектеп окуучулары массалык мушташ уюштурушту
19-февралда Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгына борбордогу мектептердин биринде жогорку класстын окуучуларынын массалык мушташуусу боюнча маалымат келип түштү. Свердлов РУВДсынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, окуя болгон жерге дароо милиция кызматкерлери келип, кагылышууну токтотууга жетишишти. Мындан тышкары, окуу жайына тез жардам чакырылып, жабыркагандарды медициналык мекемеге жеткирди.