
Машыктыруучу 7 жашар кызга сабак учурунда жаракат келтирген деп айыпталууда
А.М. кызын көркөм гимнастика боюнча машыктыруучуну жоопкерчиликке тартуу үчүн милицияга кайрылды. Ал машыгуу учурунда баланын денесине зыян келтирилгенин билдирүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь РУВДсынын маалымат кызматынан билдиришти.
Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси «Ден соолукка оор зыян келтирүү» боюнча кылмыш иши козголду.
Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында 2002-жылы туулган А.Н. аныктап, кармалды.
Ал тергөө бөлүмүнө жеткирилди жана убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
сүрөт www