Эки жергиликтүү тургун, М. Ж. жана С. Э., 25-ноябрда "Рухий Мурас-1" турак жай комплексинде аталган чет элдик жарандардын колунан бычак менен жабыркаганын билдирип, укук коргоо органдарына кайрылышты.
Бул кайрылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси "Хулигандык" боюнча кылмыш иши козголду. Жабырлануучуларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды, ал эми кармалган 18 жаштагы М. С. жана 17 жаштагы С. А. Бишкек ШИЗО-1ге камакка алынды.

Октябрь районунун ИИБнин маалымат кызматынын сүрөтү.
Райондук сот алардын камакта болушу боюнча чечим кабыл алды. Тергөө уланууда.