
Чүй облусунда рейд өткөрүлдү
Салык кызматынын кызматкерлери Ысык-Ата районундагы Бирдик айылында темекинин мыйзамсыз ташылып кетишин токтотуу боюнча операция өткөрүштү. Бул тууралуу маалымат ведомствонун басма сөз кызматына келип түштү.
Рейд учурунда сигареттерди башка транспортко жүктөп жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа табылды. Текшерүү учурунда унаада акциздик маркалары жок 21 900 пакет ORIS жана ZUMERRET маркасындагы сигареттер бар экендиги аныкталды.
Бул окуя боюнча бардык керектүү актылар түзүлдү. Учурда күчүндө турган мыйзамдарга ылайык процессуалдык чаралар көрүлүүдө.
Унаа иштин бардык жагдайлары такталганга чейин атайын айыппул токтотуучу жайга коюлду.
Сүрөт www