
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан Бирдик айылында Мамлекеттик салык кызматкерлеринин салык контролдоо рейди өткөрүлүп, акциздик маркалары жок сигареттер табылды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Операция учурунда табылган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа тамеки продукциясын башка транспортко жүктөп жаткан.
Текшерүү учурунда бул унаада акциздик маркалары жок 21 миң 900 куту ORIS жана ZUMERRET маркасындагы сигареттер болгон.
Бул факты боюнча зарыл болгон актылар түзүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлөт.
Мындан тышкары, унаа бардык жагдайлар такталганга чейин атайын айып токтотуучу жайга жайгаштырылды.