
Манас шаарындагы борбордук базарда Салык кызматынын кызматкерлери операция өткөрүп, акциздик маркасы жок тамеки буюмдарын табышты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жалпысынан 9 695 пачка тамеки продукциясы 1 миллион 163,4 миң сомго алынды. Ошондой эле 24 пакет мыйзамсыз электрондук сигарет жана снюс сыяктуу заттын 33 банкасы конфискацияланды.
Бардык чогултулган материалдар кийинки териштирүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлдү.





Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, акциздик маркасы жок 200 даанага чейин подакциздик продукцияны саткандыгы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Эгер 200 даанадан ашык сатылса, кылмыш жоопкерчилиги, анын ичинде жети жылга чейин эркинен ажыратуу мүмкүнчүлүгү бар.