Кыргызстанда бир сутка ичинде 8 өрт катталды
Кыргызстанда акыркы 24 сааттын ичинде 8 өрт окуясы катталды, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бригадасы тартылды. Бул тууралуу 9-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 8 өрт окуясынын ичинен экөө борбор шаар Бишкекте, экөө Баткен облусунда, ал эми бирден окуя Нарын, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталды.