
Белгилүү кыргызстандык бийчи Жан Воинов «Black Eyed Peas» тобунун менеджери менен эки жылдык келишимге кол койду.
Жан Воинов Сан-Диегода 19 жылдан бери өтүп келе жаткан масштабдуу бий фестивалы «Freestyle session» иш-чарасынын катышуучуларынын бири болгон. Жан «Animation popping» номинациясында чыгыш жасады.
«Чыгыш учурунда мени «Black Eyed Peas» тобунун менеджеринин апасы байкап, уулуна мени тууралуу айтып берди. Ал мени офисине чакырды. Ал жакта биз баарын кенен талкууладык, андан кийин мен эки жылдык келишимге кол койгом», - деди Жан Воинов.
Бийчи, ал эми бардык топтун мүчөлөрү менен таанышып, алардын бири менен туулган күнүндө да болгонун айтып берди.
Жандын түшүндүрмөсүнө ылайык, келишим боюнча ал топтун бий номерлеринде катышып, алар менен гастролдорго чыгат, ошондой эле, мүмкүн, бий номерлерин даярдоосу менен алектенет.
Кыргызстандык бийчинин топ менен түздөн-түз кызматташтыгы ушул жылдын жайында башталат.
Источник: knews.kg