28-октябрда "Керме-Тоо" жылуулук борборунун ачылышында ал кафелердин, ресторандардын жана дүкөндөрдүн аталыштары көп учурда англис, кытай, араб жана өзбек тилдеринде берилгенин белгиледи.
"Бардык жазуулар 10-ноябрга чейин кыргыз тилине толугу менен которулушу керек", - деп кошумчалады мэр.Ош шаардык мэриясынын 29-октябрдагы маалыматына ылайык, мамлекеттик тил боюнча комиссия Ош шаарындагы сулуулук салондорун, дүкөндөрдү жана тамактануучу жайларды текшерди.
