
Учурда 4,5 миңден ашык абонент бул кызматтан пайдаланууда
Кыргызстанда чектен тыш электр энергиясынын тарифтери үч жыл мурун киргизилген, деп билдиришти НЭСКтен, Vesti.kg сайтына шилтеме берип.
«Бул тарифтер 2022-жылдын 29-июлундагы өкмөттүн токтому боюнча бекитилген. Бул жаңы нерсе эмес, мындай кызматтар өнүккөн өлкөлөрдүн көбүндө бар, бул электр энергиясын керектөөчүлөргө керектүү учурда пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн», - деп түшүндүрүштү компаниядан.
Кызматты жеткиликтүү кылуу максатында тарифтин наркы акыркы жылдарда төмөндөтүлгөн.
«Учурда 4,5 миңден ашык абонент бул кызматты колдонуп жатат. 2022-жылы 1 кВт/саат үчүн баа 5,04 сомду түзгөн, бирок кийинчерээк аны төмөндөтүштү, азыр ал 1 кВт/саат үчүн 3,81 сомду түзөт», - деп кошумчалашты НЭСКтин өкүлдөрү.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров мурда чектен тыш тариф боюнча нааразычылык билдирген. Ошондой эле, энергия тармактарына жүктөмдү азайтуу үчүн пик убакыттарында керектөөчүлөрдүн энергияны пайдалануу кубаттуулугу төмөндөтүлгөн.
Сүрөт www