
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги телефон алдамчылыгынын жайылышы тууралуу кайрадан эскертет. Алдамчылар көп учурда банктар, укук коргоо органдары же башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеримин деп өздөрүн тааныштырып, ар кандай шылтоолор менен жеке маалыматтарды, банк карталарынын номерлерин жана SMS аркылуу алынган растау коддорун алууга аракет кылышат.
Мекеме мындай алдамчы схемалар жарандардын акчаларын уурдоого багытталганын баса белгилейт.
Ички иштер министрлиги катуу сунуштайт:
• жеке маалыматтарды, карталардын реквизиттерин жана SMSтен келген коддорду жат адамдарга ачпоо;
• тааныш эмес адамдардын көрсөтмөсү боюнча акча которуудан качуу;
• шектүү чалуулар келип түшсө, дароо жакынкы милиция бөлүмүнө же 102 номерине кайрылуу.
Министрлик ошондой эле банктар жана мамлекеттик органдардын чыныгы кызматкерлери телефон аркылуу жеке маалыматтарды жана растау коддорун эч качан сурабай турганын эскертет.