
Мамлекеттик техниканы сатып алуунун демилгечиси УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев болду.



Бардык машиналар муниципалдык ишканаларга өткөрүлөт. Жалпысынан шаарга 36 жаңы техника келип, алардын арасында:
- 7 самосвал;
- 2 манипулятор;
- 5 сугат жана жуучу машиналар;
- 3 жол тазалоочу машиналар;
- 13 таштанды ташуучу машиналар;
- 2 электр подметалоочу машиналар;
- 2 автоподъемник;
- 2 ассенизациялык машиналар.
2025-жылы чыгарылган техника эксплуатациянын актуалдуу талаптарына жооп берет. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, коммуналдык кызматтардын автопарктарын жаңылоого 100 миллион сом бөлүнгөн.